Казакстандын Ак-Төбө облусунун Храмтоу айылында жол кырсыгына кабылган автобуста Кыргыз жарандары болгон эмес. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.
Айта кетсек, 25-февралдан 26-февралга караган түнү аталган айылда автобус жол кырсыгына кабылган. Окурман анда 55 жүргүнчү болгонун, алардын 14ү Кыргыз жарандары экенин маалымдаган.