Дүйнө жүзүндөгү көз жоосун алган кооз жана өзгөчө көпүрөлөр

Дүйнө жүзүндөгү көздүн жоосун алган кооз жана өзгөчө көпүрөлөр бар. Белгилүү "National Geographic" уюму эң кооз деп атаган көпүрөлөрдүн тизмесин чыгарды.

"Кесвачака" көпүрөсү (Перу)

"Кесвачака" көпүрөсү - 600 жылдан бери сакталып келе жаткан ыкма менен жиптердин куралышынан салынган көпүрө.

Жыл сайын жай айында көпүрөнү жаңылоо мезгилинде ар бир аймактын жашоочулары 70 метрге чейин атайын жиптерди, аркандарды даярдап чыгышат. Бул атайын жиптерди жасоого каражаттар алдын ала даярдалат. Аркандарды, жиптерди эшүү ыкмасы атадан балага өтөт.

Көпүрөнү жаңылоо процесси 3 күнгө созулат. Оңдоо иштери бүткөн соң ыр-бий коштолгон оюн-зоок иш-чаралар уюштурулат. Узундугу 28 метрге жеткен көпүрө ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастарынын тизмесине кирген.

"Dingbu Bridge" көпүрөсү (Кытай)

Аталган көпүрө Кытайда жайгашкан. Ал байыркы Феникс айылынан өткөн Туоцзян суусунун жээктерин байланыштырып турат. Көпүрө өзүнүн түзүлүшү менен пианинонун клавишаларын элестетип көбүнчө туристтер көңүл ачуучу аттракцион катары колдонулат.

Лондондогу жыйылма көпүрө

Жөө жүргүнчүлөр үчүн арналган оригиналдуу конструкцияга ээ бул көпүрө Гранд Юнион каналы аркылуу өтөт.

Көпүрөнүн ойлоп табуучусу Томас Хетервикдин айтымында, дүйнөдөгү ачылма көпүрөлөр, сынык көпүрөлөргө окшошуп калат. Мындан улам ал жыйылма көпүрөнү ойлоп табууну чечкен. Көпүрө жыйылган мезгилинде дагы өзгөчө көрүнүшкө ээ болуп калат. Көпүрөнүн узундугу 12 метрге жетет.

"Үшкүрүктөр" көпүрөсү (Венеция)

Аталган көпүрө Рио ди Палацио каналы аркылуу курулган. Көпүрөнү Антонио Конти 1602-жылы салган.

Бул көпүрө соттор залы жайгашкан имарат менен абак жайгашкан имаратты байланыштырып турат. Мындан улам кылмышкерлерге сот залынан чечим чыгып алар абакка бараткан жол болгондуктан "Үшкүрүк" көпүрөсү деп аталып калган.

"Табигый" көпүрөлөр

Дүйнөдө жаан-чачын эң көп жааган аймак деп табылган Индиянын Черапунджи аймагындагы көпүрөлөрдү жергиликтүү жашоочулар өстүрүшөт. Көпүрөлөрдү өстүрүү үчүн фикустун атайын бир түрүн колдонушат. Табигый көпүрөлөрдүн узундугу 30 метрге чейин жетет. Алар 50дөн ашуун адамды көтөрө алат. Мындай көпүрөнү өстүрүүгө 10-15 жыл убакыт кетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
BBB88
2018-02-26 21:40:22
Бизде ошто домбыта копуросу
+6
Zainidin96
2018-02-26 22:22:26
Укмушго биздикилер 1-3метр копуро салышса 1 айга жетпей кулап же сынып калат перунун копуросу жакты мага
+1
sherzatik
2018-02-27 01:41:31
Лондондун көпүрөсү жакты
0
surgeon777
2018-02-27 01:43:16
жакшы маалымат экен,редакторго рахмат...
+1
Agayu
2018-02-27 06:29:44
Эн мыкты сакталган копуро кириптир , элди суктандырган .Биздикин деле киргизип койбоптур эн аз орусча айтканда одноразвыя мость деп , себеби однорозывая мостьу эч бир окумушту жэ инжэнер ойлоп таппаган жана эч бир мамлекетте жок !
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан