Төрага Асылбек Жээнбеков Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту

Төрага Асылбек Жээнбеков Анкара шаарында өткөн Түрк ПАнын кезектеги жыйынынын алкагында Түркиянын премьер-министри Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө төрага кыргыз-түрк мамилелеринин жана алардын акыркы эки жылдагы активдешүүсүнүн жогорку деңгээлин баса белгиледи. Ошону менен катар ТүркПАнын кезектеги жыйынын ийгиликтүү уюштургандыгы үчүн түрк тарапка ыраазычылык билдирди. Ал эми Эрдоган ТүркПА өлкөлөр ортосундагы парламенттер аралык кызматташуу келечегине көмөк көрсөтөрүнө бекем ишенимин айтты. Жолугушууда Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы көп багыттуу мамилелер ыкчам өнүгүп жаткандыгы жана парламенттер аралык кызматташуу алкагында ишенимдүү саясий сүйлөшүүлөр бекемделип жаткандыгы айтылды. Белгилей кетсек, төрага А.Жээнбеков башында турган, курамына Урмат Аманбаева, Эркингүл Иманкожоева, Эсенгул Исаков жана башка депутаттар кирген Жогорку Кеңештин делегациясы Анкара шаарында өткөн ТүркПАнын кезектеги жыйынына катышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан