Учурда Ош шаарында 41 унаа токтотуучу бар, анын ичинен 29у Ош шаардык мэриясынын алдындагы автотоктомолор, автокоюу жана автогараж дирекциясынын балансында. Ал эми 9у юридикалык уюмдарга, калган 6 унаа токтотуучу жай жеке менчикте. Бул тууралуу Салык кызматынын жергиликтүү бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Кушубек Ниязбеков билдирди. 12-июнда шаардагы унаа токтотуучу жайлар боюнча текшерүү жүрүп, ал жерде иштеген кызматкерлердин көптөгөн эреже бузуу фактылары катталды. Унааларды тейлеген кызматкерлер көпчүлүк учурда айдоочуларга чек бербей турганы белгилүү болду. Жеке менчик унаа токтотуучу жайлардын ээлерине эскертүүлөр берилди. Айта кетсек, Ош шаарында ар бир унаадан 10 сомдон алынса, анын 5 сому жергиликтүү бюджетке которулат.