“20 жылдын ичинде Баткен облусунда алдыга жылыш болгон жок”. Бул тууралуу бүгүн, 13-июндагы ЖКнын жыйынында вице-спикер Асия Сасыкбаева билдирди. Айтымында, мурунку бийликте тургандар Баткенге кеткен каражаттарды уурдап жеген. “Акыркы 10 жыл ичинде канча каражат бөлүнгөнүн изилдеп чыгуубуз керек. Ал каражаттардын канчасы жетип, канчасы жетпей калган? Баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан айылдарында бала бакча жок, мектептердин эскилиги жеткендиги, милиция кызматкерлери иштей турган имарат жок, алар үчүн унаалар да жок. Ошол айылдарга тиешелүү каражаттарды өз учурунда бөлүп берүү керек”,- деди эл өкүлү.