Өткөн жуманын башынан бери Ош облусунда жайгашкан Кыргыз-Өзбек чек арасындагы "Достук" өткөрмө пунктунда кезек күткөндөрдүн саны өсүүдө. Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Гүлмира Бөрүбаева буга эки өлкөнүн ортосунда товар ташыган соодагерлердин саны өскөндүгү себеп болуп жатканын SUPER.KG'ге кабарлады. Анын айтымында, күнүнө бекеттен кирип чыккан адамдын саны 7 миңден 10 миңге чейин болуп жатат.
Абалды жөнгө салуу үчүн аталган мекеме тарабынан "Достук" пунктуна кошумча бөлмөлөр орнотулуп, кызматкерлердин саны көбөйтүлдү.
"Учурда жарандардын чек арадан кирип-чыгуусу күч алып, кезек күтүү эки тараптан тең катталууда. Абалды жөнгө салуу максатында Кыргыз мамлекетине кирип келе жаткандардын паспортун текшерүү үчүн өткөрүү пунктунда 5 кабина, чыгып бараткандарды текшерүү үчүн 5 кабина иштеп жатат. Ал кабиналарга дагы 4 кабина кошулат", - деди Бөрүбаева.
Ал эми буга чейин окурман чек арачылар элдин тыгынынан пайдаланып пункттан өткөн ар бир адамдан 300-500 сомдон алып жатышканын маалымдаган. Бирок Мамлекеттик чек ара кызматы айтылган маалыматты четке какты.
"Чек ара пунктуна видеобайкоолор орнотулган. Эч кандай акча ала алышпайт. Эгерде чек арачылардын пара талап кылганы боюнча бизге кабарлашса же өткөрмө пунктта илинип турган бирдиктүү номурларга кабар беришсе, биз териштирүүгө даярбыз. Акча алганы далилденсе, ал кызматкер жумуштан бошотулат", - деди Бөрүбаева.