Окуучуларга компьютердик программаны компьютерсиз үйрөткөн мугалим

Ганалык Овура Кванду аттуу мугалим колунда керектүү каражаты жок туруп, балдарга билим берип, окутуп келет. Бул тууралуу бир канча чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.

Маалым болгондой, ал социалдык тармактагы баракчасына окуучуларга Microsoft Word компьютердик программасын тааныштырып жаткандыгын баяндаган сүрөт жүктөгөн. Анда мугалимдин аталган программаны балдарга компьютерсиз такта бетине чийип алып түшүндүрүп жаткандыгын көрүүгө болот.

"Ар бир мугалим билим берүүнүн ар кандай ыкмасын колдонот. А мен болсо бардык окуучулар сабакты түшүнмөйүнчө бир дагы окуучуну сыртка чыгарбайм", - деген ал.

Аталган билдирүү интернет колдонуучулардын кызуу талкуусун жараткан. Көпчүлүк адамдар мугалимдин окуучуларга билим берүүгө болгон умтулуусуна суктанып, макташса, айрым колдонуучулар ушундай өнүккөн заманда компьютери жок окуп жаткан балдарга боору ооруган. Ошондой эле бул жаңылык интернетке тараган соң көптөгөн белгилүү жылдыздар аталган мугалим иштеген жана башка мектептерге компьютер, прожектор жана башка керектүү техникаларды алып берүү максатында каражат чогултуп баштаганын жергиликтүү басылмалар маалымдашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
ruslanz
2018-02-27 15:25:19
Мен мектепте окуп жургондо, ушул окуя тескерисинче болчу.Акыркы улгудогу комп-лер бар болчу, мугалимибиз компту иштетчи да эмес, а биз болсо информатика сабакты калтырчу эмеспис бугун компто иштеп калабызбы деп.
+6
keba300989
2018-02-27 15:30:44
1 компьютердин баасы 300$ дан башталат. алыпберишсин жакшы жанылык экен бундай мугалимдер болгон үчүн бири-бирине жардам берип дүйнө эли өнүгүп жатат, а бизде жардамга келген акчаларды өздөрү издеп жүрүшөт ким алды деп напсини токтотсо чоңдөрубуз бизделе өнүкмөкпүз.
-2
aman0296
2018-02-27 18:55:17
keba300989,100$ чырагым
+2
sladkaja_konfetka
2018-02-27 15:43:20
Биз деле 2001-2004-жылдары информатика сабагын мектептен дал ушундай отконбуз. Бирок, анда санда практикалык сабак деп компьютерге отургузушчу. Копчулук убакта дептерге жазып эле иштечубуз...
+5
Дарыгер
2018-02-27 16:05:12
30% мектептерде жок компьютер Кыргызстанда деле
+4
ruslanz
2018-02-27 16:39:11
Дарыгер,Жашоо денгел б-ча Кыргызстан менен Гана бир денгелде турушат, б.а жакыр олколор. 157орун
0
warrior96
2018-02-27 16:08:49
компун эмне айланайын
0
nurbekasr
2018-02-27 16:14:42
warrior96,атың заманбап эле экен компто көп катышкан,анан да өлүмүш болосун да эмне деп.
+5
kechirmeni
2018-02-27 16:36:02
окуучулардын формасы жакшы экен
0
amirrus
2018-02-27 16:37:24
инфор.сабакта картаны тытат элек го... косьинканы
+1
gulum90
2018-02-27 17:05:03
Бизде мугалим агай, бузуп койсонор уйунорду сатсанар да бул компьютерге акчанар жетпейт дечу, анан бир кнопканы да калтырап басчубуз))), Карвет болчу, азыр эстеп кулуп калабыз
+3
aiman1983
2018-02-27 17:23:32
Агайдын фудболкасы сонун го, артына кактус осуп чыккандай.
+1
Paol
2018-02-27 22:52:26
Оо биз окуп жургондо компьютер мн информатика сабагын откондо майрам эле го
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан