Бүгүн, 13-июнда парламент жыйынында депутат Бөдөш Мамырова грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону, маркум Раатбек Санатбаевге “Ак шумкар” ордени берилбей жатканын айтып нааразы болду. Айтымында, аталган сыйлык менен сыйлоо тууралуу токтомду Жогорку Кеңеш кабыл алган. “Раатбек Санатбаевдин арабыздан кеткенине бир топ убакыт болду. 2 жылдан бери ушул орден берилбей жатат, спортчунун апасынын барбаган жери калбаптыр. Ага “каза болгон кишилерге сыйлык берилбейт” деген токтом кабыл алынганын айтышыптыр. Санатбаевдин апасы Баатыр эне, аларды капа кылбашыбыз керек. Бейиш эненин таман алдында деп бекер айтышпаса керек”,- деди эл өкүлү.