Баткен шаарынын мурунку мэрине кылмыш иши козголду
Баткен шаарынын мурунку мэрине 12-июнда Баткен райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Экс-мэр жана жер маселелери боюнча иштеген комиссия Төрт-Күл суу сактагычынын аймагына караштуу жерди мыйзамсыз жол менен сатып жиберген деп айыпталууда. Учурда прокуратуранын тергөө тобу тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканын аймактык кабарчыбыз Бегайым Тажибай кызы кабарлады.