Оштогу автокырсык: Бир айдоочу көз жумса, бири ооруканага жеткирилди

Ош шаарында оор жүк ташуучу унаа менен жеңил унаа сүзүшүп, 1 адам көз жумду. ӨКМ билдиргендей, кырсык 13-июнь күнү саат 02:54 чамасында оор салмактагы DAF унаасы менен Фиат унааларынын катышуусу менен шаардын Кулатов (мурунку Западный) кичи районунда болуп өттү. Жеңил унаанын 29 жаштагы айдоочусу У.Качкынбаев окуя болгон жерден каза болуп, ал эми берки айдоочу шаардык ооруканага жеткирилди. Кырсыктын келип чыгышы тийиштүү орган тарабынан иликтенүүдө. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан