Шайлдабекова: "Клара Кабилова Орусиянын жараны болушу мүмкүн деген маалымат түштү. Учурда тактап жатабыз"

"Аида Салянованын ордуна депутат болуп келчү Клара Кабилова Орусиянын жараны болушу мүмкүн деген маалымат түштү", - деп бүгүн, 27-февралда Борбордук шайлоо комиссиянын жыйынында комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал белгилегендей, “Ата Мекен” партиясынын тизмеси боюнча кезекте Гүлнара Самат-Клара турат. Анын мурдагы аты-жөнү Клара Кабилова.

"Бул маселе боюнча тийиштүү органдарга Тышкы иштер министрлиги аркылуу суроо-талап жөнөттүк. Ошол суроо-талапка жооп келгенден кийин чечим чыгарабыз", - деди Шайлдабекова.

Эске салсак, 7-февралда Бишкек шаардык соту депутат Аида Саляновага карата чыгарган Ленин райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган. Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Мыйзамга ылайык, шаардык соттун өкүмү дароо күчүнө кирет.

16-февралда БШКга "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын иши боюнча айыптоо өкүмүнүн көчүрмөсү түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан