ЖКда экс-министр Равшан Сабиров боюнча депутаттык комиссия түзүү сунушталууда

Депутат Бөдөш Мамырова бүгүн, 13-июнда ЖКнын жыйынында мурунку социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабировдун канчалык деңгээлде күнөөлүү экендигин иликтөөчү депутаттык комиссия түзүү сунушун айтты. Айтымында, депутатка Сабировдун апасы кайрылган. “Анын энеси "депутаттык комиссия түзүп, баламдын чын эле күнөөлүү же күнөөсүз экенин билип бергилечи” деп жатат. Сабиров өзү дагы кайрылып, эгерде күнөөсү чын эле далилденсе, 10-15 жыл түрмөдө отурууга даяр экендигин билдирди. Ушуну депутаттар изилдеп койсок эч нерсе болбойбуз. Сотторго кысым деле кылбайбыз”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан