Иран өлкөсү жаратылыш газынын кору боюнча 2012-жылы дүйнөдө 2-орунда болсо, быйыл Орусияны артка таштап 1-орунга чыкты. Иранда учурда 33,6 триллион метр куб жаратылыш газынын кору бар деп эсептелүүдө. Бул тууралуу "Дүйнөлүк энергетиканын статистикалык маалыматында" айтылат. Орусияда былтыр 44,6 триллоин метр куб жаратылыш газынын кору бар болсо, 2012-жылдын жыйынтыгы менен бул көрсөткүч 32,9 триллион метр кубга түштү. Мындан сырткары Түркмөнстанда бул табият байлыгынын кору 24,3 триллион метр кубдан 17,5 триллион метр кубга азайган.