Орусияда 23-февраль күнү кондитердик фабрикада 6 жылдан бери жүк ташуучу болуп иштеген Галдыбай Мурзахматов жумуш ордунан каза болгон. "Анын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн туугандарынын каражаты жетпей жатат", - деп билдирди Орусиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Жылдыз Осмонова.
Анын айтымында, маркум иштеп жаткан жеринен каза болгон. Анын өлүмүнө башындагы рак шишиги себеп болушу мүмкүн. Ал буга чейин башы ооруганын айтып, баш ооруну басуучу дары каражаттарын ичип жүрө берген.
Учурда маркумдун сөөгүн Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына алып келүүгө туугандары каражат чогултууда. Маркумдун артында 3 кызы калды.
Ал эми Кыргыздын Орусиядагы элчилиги маркумдун сөөгүн мекенине жөнөтүү үчүн иш-аракеттер көрүлүп жатканын, бирок сөөк качан жөнөтүлөрү белгисиз экенин кабарлады.