Ош облусунун Өзгөн районунда намаз учурунда жаңжал чыгып, мурдагы имам бычактан жаракат алды. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, окуя Өзгөн районунун Красный Маяк айылындагы мечитте 26-февралда саат 16:30дар чамасында болгон. Анда намаз окуганы келген 64 жаштагы жаран 40 жаштагы мурдагы имамга "зекеттен түшкөн акчаны жеп койгонсуң" деп доомат коюп, аягы чырга айланган. Натыйжада 40 жаштагы имам бычактан жеңил жаракат алып, ооруканага кайрылган. Кийин шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген.
Ошондой эле басма сөз кызматынан шектелип кармалган 64 жаштагы жаран мурда да соттолгонун, ага карата 234-берене (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгонун билдиришти.