Кыргыз жеринен Казакстанга контрабандалык жол менен ташылып бараткан 11 миң куту тамеки кармалды

Кыргыз-Казак чек арасынан контрабандалык жол менен ташылып бараткан тамеки буюмдарынын ири партиясы кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан 28-февралда кабарлашты. Мекеменин маалыматына караганда, товарлардын акциздик маркалары, уруксат берүүчү жана башка тийиштүү документтери болгон эмес. Товар Кыргыз мамлекетинин аймагынан Казакстанга ташылып баратканда "Ак-Жол" өткөрмө пунктунан кармалган.

"528 миң сом суммадагы “2005” жана “Legate” фильтр маркасы менен 11 миң куту тамеки алынды. Бардык материалдар чара колдонуу үчүн тийиштүү органга өткөрүлүп берилет", - деп билдиришти Мамлекеттик салык кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2018-02-28 18:34:34
Тамекини казактардан алабыз го. Кыргызстандан каз.га кайдагы тамеки дейм да.
-2
Azatbek83
2018-02-28 18:46:07
Өлүп эле калбапсынар шумдугу кургурлар ушунун үстүнөн чоңдор турушат Ак Үйдө иштешет! Ушундай ишти кылгандан уялсанар болмок! Шапкенер менен көчүгүнөрду жабып!Силерге окшогон чоңдорго таң калыштын да кереги жок акмактар!!!
+5
Birimdik5555
2018-03-01 01:38:45
Ана эмесе таможныйлар катырып атышат чекеден текшерип,президент катуу талап койгон окшойт
0
sai91kg
2018-03-01 08:04:30
Ой туугандар кун ала булут болсода бийлик тоболдоруну куноокор кылабербегиле билип билбей кылын кумонда куноо дейт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан