"Түркияда кыргыз келиндин муунтулуп өлтүрүлүшүнө кайниси шектелип кармалды", - деп жазылат чет элдик маалымат булактарда.
Маалыматтарга ылайык, окуя 27-февралга караган түнү Анталиянын Манавгат аймагында болгон. 34 жаштагы келинди өзүнүн үйүнөн кайниси Мехмет.Ч. муунтуп өлтүрүп, андан кийин полиция кызматкерин чакыргандыгы жазылат маалыматтарда.
Учурда Анталия прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, тергөө амалдары башталды.
Каза болгон келин жолдошу Хайдар.Ч. менен ажырашуу тууралуу арыз жазган жана соту бир күндөн кийин болмок. Маркумдун артында 3 баласы калды.