Жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын астына катып койгон келин 1 айга камакка алынды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын астына катып койгон келин 1 айга Бишкектеги №1-СИЗОго отургузулду. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

"Учурда келинге карата 100-берене (эненин жаңы төрөлгөн баласын өлтүрүүсү) менен кылмыш ишин козголуп, тергөө иштери башталды", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, аталган районго караштуу Восток айылында жаңы төрөлгөн баласын баштыкка салып, дивандын астына катып койгон келин "6 жашар балам жансыз ымыркайды көрүп коркпошу үчүн катып койдум" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан