Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Акжол Махмудов кыргыз балбандарынын капчыгына алгачкы алтын медалды алып берди

Бүгүн, 28-февралда Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунун 2-мелдеш күнү өтүп жатат. Анда грек-рим күрөшү боюнча 5 медалдар топтому ойнотулуп, кыргыз балбаны Акжол Махмудов алтын медалды жеңип алды.

72 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Акжол Махмудов финалдык беттеште казакстандык Демеу Жадраев менен кез келди. Казак балбаны беттештин 1-бөлүгүндө Акжолду көтөрүп чаап, алгачкы 4 упайга ээ болду. Махмудов казакты кооз ыкма менен көтөрүп чаап, эсепти 5:4 кылды. Мындан кийин казак балбан өз эсебине 6 упай топтосо, Акжол Махмудов 8 упай топтоп жеңишке жетти.

Муну менен Акжол Махмудов кыргыз капчыгына алгачкы алтын медалды алып келди. Ал эми азыркы тапта кыргыз балбандары 1 алтын, 2 күмүш жана 3 коло медалга ээ.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Dembele84
2018-02-28 20:00:41
Тытып эле келе жатат го алдынан чыкканын,коз тийбесин иним.
+6
Maks1
2018-02-28 20:00:46
Алла колдоп биринчи алтын байгени алып келди. сыйлык кут болсун.
+6
ekaterinburg
2018-02-28 20:17:31
Коз тийбесин...Тфу тфу тфу...Олимпийский чемпион болушунду каалаймын!
+4
taalay25
2018-02-28 20:17:48
Кудай буюрса бул бала Олимпияда оюндарында алтын медаль алып келет. Коз тийбесин
+5
Azatbek83
2018-02-28 20:18:28
Азаматсын Молодец
+4
turaliev
2018-02-28 20:21:16
Болгон 18 жашта экен Азамат!!!
+4
turaliev
2018-02-28 20:23:35
Видеосун жуктоп койгулачы
0
TalaCSKA
2018-02-28 20:33:35
Келечектен копту умуттондургон жигит карьерана ийгилик буюрса олимпиада чемпиону болосун деген ишеничтемин
+2
max-bek
2018-02-28 20:52:12
Азамат чыныгы кыргыздын жигити. Болгону 18 жаш. Келечекте олимпиада чемпиону. Умут отун ушундай жаштарыбыз жандырат экен. Атабекке да боорум ооруду ыйлап жиберди го. Бирок кумуш деле жаман эмес.алдыда дагы далай алтындарды багындырасын
+3
warrior96
2018-02-28 21:18:07
Акжол азаматсын келечегин алдыда
0
Melitta-24
2018-02-28 21:33:39
Мындан ары дагы ийгиликтер коштосун
0
Football.kg
2018-02-28 21:41:01
Азаматсын иним, сенин женишин жалпы биздин, "кыргыз элинин" жениши. Кудайым буюрса алдыда азия менен дуйно чемпионатында жана ошондой эле олимпиадада алтын медалды багындырасын деген ишеничтемин.
+1
Refiri87
2018-02-28 21:45:13
Молодец Акжол иним бар бол ушундай жонокойлугунду жоготпо кучтуусун
0
salimbek87.kg
2018-02-28 21:59:36
Азаматсын Акжол атыңа затың жарашып кайда болсоң жолуң ачык болуп алтын медал менен келишиңе тилектешмин Аллахым өзү колдосун Аамин.
+1
Birimdik5555
2018-03-01 00:58:14
Жузго чык
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан