Бишкектик жашоочулар өздөрү жашаган аймактагы аты жок көчөлөргө өздөрү ысым коё алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешиндеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Союзбек Салиев 13-июнда парламенттеги көпчүлүк коалицияга кирген фракциялардын лидерлери менен жолугушуу учурунда айтты. Депутат билдиргендей, көчөлөргө ат ыйгаруу боюнча атайын комиссия түзүлдү. "Жаңы конуштарда ат коюла элек көчөлөр көп. Эрежеге ылайык, ал жерде жашагандар өздөрү андай көчөлөргө ысым сунуштап, аларды койдура алышат. Ал үчүн ысым койдура турган тарап көчөнү оңдоп-түзөөдөн өткөрүшү керек. Оңдоо иштери бардык талаптарга жооп бергидей болушу зарыл",- деди Салиев.