Орусиянын олимпиадалык комитети кайрадан Эл аралык олимпиада комитетинин (ЭОК) мүчөсү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, орусиялык спортчулардын допинг текшерүүсү таза чыгып, Орусия автоматтык түрдө кайрадан ЭОКтун мүчөсү болду. Буга эл аралык уюмдун эч кандай дооматы жок экени айтылды.
Эске салсак, ЭОК Орусиянын курама командасына Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтчү Кышкы Олимпиада оюндарына катышууга тыюу салган. Буга Орусиянын бийлиги колдоого алган допинг программасы себеп болгон. Анткен менен комитет кызытма чыкпаган "таза" спортчуларга Олимпиадада Орусиянын эмес, нейтралдуу желек менен чыгууга уруксат берген.