Бишкектин тургуну "аткаминердин жардамчысымын" деген кишиге жарым миллион сом берип алданып калды

Бишкек шаарынын тургунун 551 миң сомго алдап кетти деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-февралда Биринчи Май РИИБине шаар тургуну кайрылып, чала тааныш адамына чара көрүп берүүнү суранган. Ал адам аткаминердин жардамчысы экенин айтып, арыз ээсинин Казакстанда соттолгон байкесин экстрадициялап берем деп ири суммадагы акча алган.

Бул окуя боюнча Биринчи Май РИИБи "алдамчылык" беренеси менен кылмыш ишин козгоп, кылмышка шектүү катары Нарын облусунда туулган 39 жаштагы А.у.Р. аттуу жаранды кармашкан.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2018-02-28 23:28:33
Атка минер, эшеке минер, ишенип Берген адам озу маладеес болуп жатпайбы, чала тааныш ещё. Бир тууганы сураса бербей калаар эле..
+1
TalaCSKA
2018-03-01 01:50:55
rysik79,ошол бир тууганы учун берип жатпайбы
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан