Ошто өспүрүм 5-кабаттан кулап кетти, абалы оор

Ош шаарында өспүрүм 5-кабаттан кулап кетти, анын абалы оор. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 28-февралда кечки саат 5:45 чамасында Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына 15 жаштагы Х.М. аттуу өспүрүм келип түшкөн. Ал Ош шаарындагы жашаган батиринин 5-кабатынан кулап кеткен.

Өспүрүм учурда эсине келе элек, абалы оор, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Бардык тийиштүү чаралар көрүлүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Shaa-82
2018-03-01 01:10:55
Эх ата-энелер балдарды жакшы карагылачы сураныч отконку сабак болбодубу силерге? Балдар Аллахтын бизге берген бир аманаты болсо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан