Мечиттен 190 миң сом уурдаган киши дале кармала элек

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка аймагындагы мечиттен 190 миң сом уурдаган киши кармала элек. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 3-февралда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө 34 жаштагы жаран мечиттен 190 миң сом акчасын уурдатып жибергенин айтып кайрылган. Ал мечитке саат 19:30дар чамасында барып, чөнтөгүндө 190 миң сом салынган күрмөсүн кийим чечкен жерге илип коюп кирип кеткенде чөнтөгүнөн уурдап кеткенин айткан.

Аталган окуя боюнча 164-берене (уурдоо) менен кылмыш иши козголуп, шектүү учурда изделип жатат.

Сокулук РИИБи кылмышкерди сүрөтүнөн тааныган же болбосо кандайдыр бир маалыматтарды билген жарандарды Фрунзе 136 көчөсүндө жайгашкан Чүй облусунун Сокулук РИИБине же болбосо 0 (313) 45 33 80 жана 0701 801 803, 0700 100 175 номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт. Күбөлөрдүн өздүгү сыр бойдон каларына кепилдик берет.

Сокулуктагы мечиттен 190 миң сом уурдалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Jigit.1982
2018-03-01 09:27:08
Сакалын орттонгур дагы сакал коюп алганын кара, коопсуз Шаар болуп калса жакшы эле болот экен. Мынтип кимдин ким экенин коруп турат экенбиз.
+5
zhaku2017
2018-03-01 10:21:49
Jigit.1982,
Ууру ууру бойдон калат мага демек кунуно 90 жолу намаз окусун. Калп эле динге кирсинер онолосунар дей эле беришет. Дегеле дин менен жашоо турмушу онолуп кетиптир дегенди коро элекмин. Динге кирбей эле туп туз жургон кыз жигиттер толтура журушот, эч нерседен кем карыш болбой эле.
0
Mazi1280
2018-03-01 16:42:49
zhaku2017,Эн туура кошулам
0
fortuna-fortuna
2018-03-01 09:34:56
Саат 19:30 дарда дептир. Камерада 15:47 деп турат го... Же камера туура эмес саатты корсотобу...
0
ahunali12
2018-03-01 09:44:26
Сак болгула деген эскертууго карабай эле
акчасын калтырып кетткенго
+1
nurbekasr
2018-03-01 10:39:09
Уурдаган акчага давноо эле машине алып алса керек бул ууру.
+1
ruslanz
2018-03-01 13:27:08
Ууруну ким кармайт. Ал бир улушун берди да.
0
Parish
2018-03-01 18:53:19
Мечитке ошончо акчаны чонтогуно эмнеге салып барат,
0
Baatirbek81
2018-03-01 22:29:07
Бул авто рынок жактаго деймда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан