Бүгүн, 1-март ырчы Аваз Акимовдун туулган күнү. Ырчыны 28 жашка толушу менен куттуктап, байланыштык.
"Адатта, менин туулган күнүм 1-марттын биринчи мүнөтүндө эле башталып, досторум сюрприз деп кирип келишчү. Ал жаңылык деле болбой калган. Досторума бул сапар туулган күнүмдү өткөрбөйм, убара болбогула дегем. Алар айтканыма макул болушкандай түр көрсөтүшкөн. Бирок адам экенбиз да, качан куттукташат деп күтүп калдым. Менин күтөрүмдү сезишсе керек, Дайыр Исмадияров, Данияр Эрматов, Эдил Маматов жана башка досторум чогулуп, кафеде таң атканча майрамдадык. Бүгүн Баткенде концерт бар болчу, ошол жакка кетип бара жатам", - дейт ырчы.
Аваз Акимов калың элге "Жаным", "Айганыш", "Ай-ай-ай", "Гүл кыздар", "Түштүк кызы" жана башка ырлары менен белгилүү.
1-марттын жылнаамасы.