Бишкекте кант диабети менен ооруган балдар үчүн "Аарылар" аттуу жаңы бала бакча ачылды

Бүгүн, 13-июнда Бишкек шаарында кант диабети менен ооруган балдар үчүн “Аарылар” аттуу бала бакча ачылды. Мындай бала бакча Кыргызстанда алгачкы ирет ачылып жатканы айтылды. Өзүмдүн кызым 1,5 жашында кант диабети менен ооруп калган. Ошол себептен ушундай идея келип, демилге көтөрүп чыктым”,- дейт жаңы мекеменин директору Нурхан Жумабаева. Бүгүнкү күндөн тартып бала бакчада 3 жаштан 6 жашка чейинки кант диабетине кабылган 12 бала тарбия алып баштайт. Бул жер 30 балага ылайыкташтырылып, андагы тарбиячылар жамаатында 5 киши бар. Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча 27 бала аталган илдет менен ооруйт. “Бул жерден балдар өз маалында аларга туура келген инсулин терапиясын алышып, диабеттерге ылайыкталган тамак-аш жешет. Балдардын канындагы канттын деңгээлине медицина кызматкерлери тынбай көз салып турушат”,- деп кошумчалады Жумабаева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан