Декларация: Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Сапарбек Асанов "2012-жылы тапкан кирешем 362 315 сом" дейт
Энергетка жана өнөр жай министринин орун басары Сапарбек Асанов 2012-жылы негизги иш ордунан 362 315 сом киреше тааптыр. Бул маалымат аталган аткаминердин бир жылдык кирешеси жана жалпы мүлкү тууралуу тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн. Асановго таандык 72 чарчы метр аянтты ээлеген бир үй жана 2 жеңил унаа да бар. Унаалары: 2008-жылы чыгарылган Тойота Ленд Крузер жана 2007-жылы чыгарылган Тойота Прадо. Декларацияда Асановдун жакындарынын бир жылдык кирешеси жана үй-мүлкү көрсөтүлгөн эмес.