Бишкекте жаран кошунасын алгач зордуктап, кийин мууздап салганын Бишкек ШИИББинен тастыкташты.
Алардын айтуусуна караганда шектүү камакка алынып, ага карата кылмыш иши козголгон.
"Кечээ, 28-февралда саат 21:00 чамасында бул окуя тууралуу маалымат келген. Ал жерге мобилдик батальондун кызматкерлери барышып, 60-65 жаштагы аялдын жансыз денесин табышкан. Кийин кылмышка шектүү катары маркумдун коңшусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. Ага карата 97-берене (киши өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон. Учурда керектүү экспертизалар дайындалып, иликтенип жатат", - деп билдиришти башкармалыктан.
Айта кетсек, буга чейин SUPER.KG порталына окуянын күбөсү "Бишкек шаарынын тургуну кошунасын зордуктап, кийин мыкаачылык менен сабап, аягында мууздап салды" деп билдирген.