Кара-Сууда жаранды өз үйүндө мыкаачылык менен өлтүрүп, 250 миң сом акчасын карактап кеткенге шектелип 3 адам кармалды

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Шарк айылынын 54 жаштагы тургунун мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү катары 3 адам кармалды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Ош ОИИБинин маалымат кызматынан бүгүн, 1-мартта кабарлашты.

Маалым болгондой, шектүүлөр 28-февраль күнү кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынышты. "Кармалгандар айыл тургунун өлтүрүп, андан кийин анын 250 миң сомун карактап кетүүгө шектелип жатышат", - дешти ОИИБден.

Белгилей кетсек, 25-февралда Кара-Суу районунун Шарк айылындагы үйлөрдүн биринен 54 жаштагы адамдын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн жансыз денеси табылып, факты боюнча кылмыш иши козголгон. Ал Орусияда иштеп жүрүп, 2017-жылдын ноябрь айында мекенине келген. Жубайы Түркияда эмгектенет.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, маркум ошол күнү үйүндө жалгыз болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nsh
2018-03-01 13:25:47
Бул эшшек кок мээлер кылмышка барып жатып ойлонушпайвы баары бир 2-3 кундун же 1 жуманын ичинде кармалам,анан турмого отурам бир 5-10жылга деп. Турмодо чиригиле эми ылайым соз жок.
+3
Matahara1980
2018-03-01 20:06:30
Aramdar, aram tamagynar ash bolmok bele, oshol akchany ozunor dele ishtep tapsanar bolot elego, biroonun ubalyna kalbai arzybagan akcha uchun adamdyn omurun kyiyp, atysh kerek myndai aram tamaktardy. Opasnyi bolup kalyptyr jashoo, eki kundun birinde olturup ketti tonop ketti degen janylyk
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан