Бишкекте тепловоз жаш кызды сүзүп кетти

Бишкекте тепловоз жаш кызды сүзүп кетти. Кырсык 28-февраль күнү эртең менен саат 9:05 чамасында Лев Толстой менен Шабдан баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун SUPER.KG'ге "Кыргыз темир жол" ишканасынан кабарлашты.

"Тепловоз жаш кызды жогоруда аталган көчөлөрдүн кесилишинде темир жолду кесип өтүп баратканда сүзүп алган. Бул жерде кыз өзү күнөөлүү. Анткени тепловоз саатына 35 чакырым ылдамдыкта гана бараткан жана үн белгисин берген. Бирок кыз аны укпай койгон. Натыйжада кыздын жамбашы жабыркаган. Кырсык болгон жерге дароо темир жол адиси барып, аны "Тез жардам" кызматына өткөрүп берген. Учурда ал Травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунда дарыланууда, абалы канааттандырарлык. Ал эми кыз өзү тепловоз келгенин байкабай калганын айтып жатат", - деди мекеменин маалымат катчысы Эркинбек Каимов.

Учурда кырсык боюнча милиция кызматкерлери машинистти суракка алып, териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
nargiz94
2018-03-01 14:50:46
Кызга жиним келди, кантип укпасын, же кулагына наушник тагып алган болушу мумкун
+11
Kyrgyz_eli
2018-03-01 16:51:14
nargiz94,100% наушник бар
+5
ainur78007
2018-03-01 14:52:04
Батыраак айыгып кетсин, кулакка наушники салып алса керек да
+8
Aima94
2018-03-01 15:42:13
ainur78007,тмен да ошентип ойлондум
+3
guli-1980
2018-03-01 15:53:40
Админ бугун Бишкек Баткен каттамындагы самолет мотору куйуп жарылыптыр го толук маалымат берип койгула
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан