Чүй облусунун Аламүдүн районунун Төмөнкү Ала-Арча айыл өкмөтүндө убактылуу жашагандыгы тууралуу маалым каттын баасы 300 сом. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
"Ушул жерде жашайт деген маалым кат алууга 3 кызым үчүн 900 сом бердим. Жаныма үйдүн кожоюнун да ээрчитип алгам. Тарификация кагазын көрсөткүлө десем, 300 сом деп жазылып турат дешти. Көчүрмөсүн берүүдөн баш тартышты. Жергиликтүү кеңештин депутаттары ушинтип бекитишкен имиш... Кыздарым окуган мектебинен башка мектепке которулушу керек эле, айла жок 3 маалым кат үчүн 900 сом төлөгөнгө туура келди", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.