Москва шаарындагы Перервинский бульварында жайгашкан мектептен өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окуянын күбөсү билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 1-мартта Москва убактысы боюнча саат 13:00дө мектептин терезесинен түтүн чыгып, андан соң жалындап кеткен.
"Бүгүн түштө ашканага барганда маңдайда жайгашкан мектептин өрттөнүп жатканын байкадым. Өрт өчүрүүчү кызматы мектепке 15 мүнөттүн ичинде келди. Алар келгенге чейин окуучулар мектептен эвакуацияланып, өрттөн алыс жакка жайгаштырылды. Учурда өрт өчүрүүчүлөр мектептин ичинде. Мындан тышкары мектепке "Тез жардам" кызматы жана полиция кызматкерлери келди. Менде жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.