Бүгүн, 1-мартта Москва шаарындагы Перервинский бульварында жайгашкан №1959-мектебинде өрт чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Социалдык түйүнгө Владимир Федосов аттуу жаран мектепте өрт чыгып жаткан видеосун жүктөгөн.
Маалыматка ылайык, жергиликтүү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, мугалимдердин бөлмөсүндө эмеректер өрттөнгөн. Өрттөн улам мектептен 400гө чукул адам эвакуацияланган. Азыркы тапта өрттүн очогу өчүрүлдү. Өрт эмнеден улам чыкканы такталып жатат.
Эске салсак, буга чейин күбө бул окуя боюнча SUPER.KG порталына билдирген.