Бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, 3-окууда добуш берүүгө жолдонду. Мыйзам долбоорунун максаты - тарыхый-маданий мурастардын объектилерин сактоонун, пайдалануунун жана коргоонун талаптарын бузууну болтурбоо жана ага бөгөт коюу, ошондой эле белгиленген тартипте уруксат албай туруп археологиялык казууларды жана чалгындоолорду жүргүзүү аракеттерин болтурбоо болуп саналат. Ушул мыйзамды кабыл алуу Кыргызстандын тарыхый-маданий мурастарына карата жоопкерчиликти аныктоого мүмкүнчүлүк түзөт.