1-мартта "Манас" эл аралык аэропортунан Бишкек-Баткен аба каттамындагы жүргүнчү ташыган учак авариялык абалда саат 14:52де кайра Бишкекке кайтып келген. Жүргүнчүлөрдү ташыган RJ-85 учагы "TEZ Jet" авиакаттамына таандык болгон.
Маалым болгондой, учак аэропорттон саат 14:22лер чамасында абага көтөрүлгөн. Бирок учкуч диспетчерлерге сол канаттын кыймылдаткычы иштен чыгып калгандыгына байланыштуу конуу керектигин билдирип, Чычкан капчыгайынан артка кайткан. Саат 14:52де Бишкектеги аэропорттун аэродромуна конгон. Учактын ичинде 96 жүргүнчү болуп, оор жаракат алгандар катталган эмес.
Ал эми Кыргыз Республикасынын жарандык авиация агенттиги аталган кырсыктын себептерин иликтөө үчүн атайын комиссия түздү.