Күрөш боюнча Азия чемпиондугу: Коло медаль үчүн күрөшкөн Айпери Медет кызы жеңилүү ызасын тартты

Бүгүн, 1-мартта Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргыз балбаны Айпери Медет кызы коло медалды жеңе албай калды. 76 килограммга чейинки салмак категорияда күрөшкөн Айпери Медет кызы коло медаль үчүн беттеште кореялык Енжу Хванг менен кез келди.

Беттештин жүрүшүндө, тилекке каршы, Айпери Медет кызы өз чеберчилигин көрсөтө албай, 0:12 эсепте жеңилүү ызасын тартты. Айта кетсек, ал 2017-жылы жаштар арасында Дүйнө чемпиону болгон.

Буга чейин балбан кыз Мээрим Жуманазарова коло медалдын ээси болгон. Ал эми Саяна Байызова жана Нураида Анаркулова тандап алуу этапта жеңилүү ызасын тартып, медалдар үчүн күрөштү токтоткон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
maks94.kb
2018-03-01 21:06:41
Кийинкисинде женесин буйруса
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан