Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, 1-март күнү саат 09:40тар чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары Кара-Балта шаарындагы батирлердин биринин бекилип калган эшигин ачып беришкен. Алар батирдин ичине кирген учурда 1947-жылы туулган Л.П.У. аттуу аял кишинин жансыз денеси жатканын көрүшкөн. Маркумдун сөөгү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.