Жогорку Кеңеште “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” жаңы мыйзамдын долбоору бүгүн, 13-июнда каралып, 1-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бул мыйзам аркылуу мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнгө салынат. Экономика министри Темир Сариевдин айтымында, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтар мамлекеттик мекемелерде иштеген же окуган адамдар үчүн бекер көрсөтүлүүгө тийиш. Мисалы, мамлекеттик жогорку окуу жайында окуган студенттер дипломду акысыз алат. Алган дипломун жоготсо, дипломдун көчүрмөсүн акы төлөө аркылуу алууга акылуу, бирок анын өлчөмү дипломду жасоо чыгымынан ашпоого тийиш.