Кара-Суу районундагы Шарк айылынын 54 жаштагы Н.Х. аттуу тургунун мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектүү катары 3 адам 28-февралда кармалган. Бүгүн, 2-мартта Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жанна Сатарбаева окуянын чоо-жайын айтып берди. Ал белгилегендей, шектүүлөрдүн бири аны менен Орусияда бирге иштеп келген.
"Козголгон кылмыш ишинин негизинде Ош ОИИБинин жана Кара-Суу РИИБинин кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1994-жылы туулган Х.Б., А.А. жана 1993-жылы туулган Б.У. аттуу үч адам кармалды. Алардын бири Х.Б. үйүндө жашынып жаткан жеринен, Б. У. Кызыл-Кыя шаарынан Ош шаарына карай келе жатканда өткөрүү пунктунан, А. А. чайханалардын биринде иштеп жаткан жеринен кармалган.
Шектүү Х.Б. өз көрсөтмөсүндө маркум менен Орусияда бирге иштегенин, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого эки досун үгүттөп, 25-февралга караган түнү маркумдун үйүнө үйдүн арткы тарабындагы дубалдан ашып өтүп киришкенин айткан. Үйгө кирип барышкандан кийин үй ээси уктап жатканда 3-4 жолу балка менен башка уруп өлтүрүп, баштыкта сакталып турган документтерди жана акчаны алып чыгып кетишкен. Бирок документтерин талаага алып барып өрттөп салышкан экен", - деди Сатарбаева.
Учурда шектүү катары кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.