Кыргызстанда паспорт, аттестат жана дипломдор акысыз берилиши мүмкүн. Тийиштүү мыйзам долбоору менен Экономика министри Темир Сариев бүгүн, 13-июнда Жогорку Кеңеште тааныштырды. Анын айтымында, учурда акы алып мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн 20 миңден ашык түрү бар. Көпчүлүк учурда паспорт, аттестат жана дипломдорду акысыз берүү сунушталат. Маалыматка ылайык, документтер биринчи ирет алып жаткан учурда гана акысыз берилет. Эгер жарандар документин жоготуп алышса, аны кайра калыбына келтирүү үчүн атайын түзүлгөн баада акы төлөөсү керек.