Кыргыз жергесин дүйнөгө тааныткысы келген түрк мугалими. Анын сүрөттөрүнө көз салып, укмуштай кооз өлкөдө туулганыңызга дагы бир суктаныңыз


Зафер Динчер
14 жылдан бери Кыргыз өлкөсүндө жашап, Ош облусундагы "Сапат" лицейинде физикадан сабак берет. Андан тышкары бош убактысында колуна фотоаппарат алып, жомоктогудай кадрларды тартат. "Камеранын жардамы менен Кыргыз өлкөсүнүн булуң-бурчундагы топурагын бастым, суусун ичтим. Айылдагы адамдар менен тааныштым. Алар мени тааныбаса да төрүнө өткөрүп, ысык чайы, наны менен сыйлашат", - дейт ал.


Зафер мырза Германияда төрөлүп, 4 жашында Түркияга келген. Орто жана жогорку билимди Түркиядан алган. Карьерасындагы тушоосу Кыргыз жеринде кесилген. "Кыргыз жергесинде иштеген тааныштарым "Бишкекке келип иштеп көр" дегенинен жубайым Хадича менен 1 жылга келгем. Бирок калып калам деп такыр ойлогон эмесмин", - деп эскерет 14 жыл мурдагы тандоосу тууралуу.

Ал алгач Талас облусундагы түрк лицейинде 5 жыл иштеген, аталган дубанда уулу туулган. Андан соң Ош облусундагы лицейге которулуп, Ош шаарында кызы төрөлгөн. Бул аралыкта Зафер Динчердин жашоосу Кыргыз жергесине байланып калган.

Кызыктуу учурларды камерага түшүрүп калуу үчүн күч жана убакыт керек. Ал эми Зафер мырза түн уйкусун садага чаап, алтургай өмүрүн коркунучка кептеген учурлардан да баш тартпайт. Кайда барбасын колунан фотоаппаратты түшүрбөйт. Себеби кокусунан тартылган сүрөттөр дайыма кооз чыгат.


"Сүрөтчү болуп акча табууну көздөбөйм. Кесибимди таштап, фотограф болуп кетүү деле каалоом жок. Менин максатым - жети дубандын кооз жерлерин сүрөткө тартып, туризмдин өнүгүшүнө салым кошуу. Анткени чет элдиктерге Кыргыз жергесин айтсаң дароо эле Ысык-Көлдү айтып киришет. Андан башка аймактарды биле беришпейт", - дейт.


"Сүрөттөрдүн алдына "Кыргыз мамлекетинин кооз жерлерин сүрөткө тартуу менен тааныштырып жатканыңа рахмат" деген билдирүүлөр көп жазылат. Калтырылган посттордун ар бирин окуп, өлкөгө пайда алып келип жатканыма сыймыктанып, дагы сүрөткө тартуу каалоом күч алат", - дейт Зафер Динчер.

"Тарткан сүрөттөрүңүздө Түркия көппү же Кыргыз жергесиби?" деген сурообузга "Сүрөттөрдүн жарымынан көбү Кыргыз жергесине таандык. Бул жактын жаратылышы өзгөчө кооз" деген жоопту уктук.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Azi81
2018-03-04 16:34:08
Азаматсыз байке талантынызга таазим!!!кыргызстан бейиштин тору чынында,чондорубуз жакшы жерлерди сатышпаса,биз суктанышыбыз керек ушундай кооз олкодо жашаганыбызга,жашасын кыргызстан!!!урраа урраа.
+6
Baku88
2018-03-04 16:39:41
Зафер мырза сизге ийилип таазим кылам
+6
nurbekasr
2018-03-04 16:41:52
Кыргызстан сен үчүн эмне??? Эмне Кыргызстан?Кыргызстан менин мекеним,сүйүүм,өмүрүм,жашоом,Кыргызстан менин баа жеткис өлкөм.Аллаха миң мертебе шүгүр,ушундай бейиштей жеримде төрөлгөнүмө.
+5
umar.kgz
2018-03-04 17:03:38
керемет!!!!!
+6
balykchy2012
2018-03-04 18:26:05
Кандай соонун Кыргызстан биздин мекенибиз.
+6
tasnim
2018-03-04 19:57:34
Эсим ооооооп калайын дедигооо,кандай талант.Эмгегинизге терен таазим
+7
qwert123
2018-03-04 20:18:42
колдо бар алтындын баркын билбейбиз эх
+6
Azatbek83
2018-03-04 20:21:31
Кереметтүү Кыргыз жерим Бейиштей жерим! Чоңдор ушул жерлерди да сатып жок кылып жатышат!
+4
Diaza
2018-03-04 22:42:20
Оооййй менин туулуп оскон жеримдинда кооздугун тартыптыр.Жангак туннелим
+3
bahabaike
2018-03-04 23:20:35
Инстаграммда да бар да бул киши киргизген суротторун лайк лайк кылып турам.
+4
altyn2015
2018-03-05 16:24:55
жакшы...
0
maimylcha
2018-03-05 00:13:41
Абдан жакшы учурларды тартыптыр. Керемет!
+3
i1urp
2018-03-05 00:55:28
Эн сонун. Ала Тообузга туболук данк. Элибиз бар болсун.
+4
Pandora
2018-03-05 08:50:16
Жерибизди жаратканым озу суук коздордон сактасын.Мекенимде ар бир баскан кадамдарыбыздын озу кооз
+3
Akyl78.1501
2018-03-05 12:50:26
Суротту коруп козумо жаш келди ушундай кооз жерлерибизди барктабайбыз
+2
altyn2015
2018-03-05 16:23:51
салам.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан