Кыргызстан былтыр 46 өлкөдөн 73 миллион долларлык гуманитардык жана техникалык жардам алган

Кыргызстан былтыр 46 өлкөдөн 73,1 миллион долларлык гуманитардык жана техникалык жардам алган. Бул сырттан алынып келинген жалпы товарлардын 1,4 пайызын түзөт. Улуттук статистика комитети 2011-жылга салыштырмалуу гуманитардык жардамдын келиши 57 миллион долларга же 1,8 пайызга төмөндөгөнүн билдирет. Жардамдын негизги бөлүгү АКШдан келип, 33,8 миллион долларды түзгөн. Ал эми Кытайдан 10,0, Вьетнамдан 5,1, Орусиядан 4,7 миллион доллар өлчөмүндө жардамдар келген. Гуманитардык жардамдардын негизги тилкеси медицина жана фармацевттик продукция болуп, 36,7 миллион долларды түзсө, атайын илимий жана текшерүүчү аппаратар 5,9, текстиль жиптери, кездемелер, даяр буюмдар 5,8 миллион доллар суммасын түзгөн. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан