ЖЫЛНААМА, 2-МАРТ: Тыңчы Жеймс Бонддун образы менен таанылган Дэниел Крэйг 50 жашта

Тыңчы Жеймс Бонддун ролу менен океандын ары жагына да таанылган англиялык актёр Дэниел Крэйг 50 жашка толду. Ал 1968-жылы 2-мартта Улуу Британиянын Честер шаарында жарык дүйнөгө келген.

Дэниел 5 жашка чыкканда ата-энеси ажырашып кетишет. Апасы сүрөтчү Макс Блондго турмушка чыгып, баласын жана кызын өзү менен кошо ала кетет. Бирок балдары өз атасы менен байма-бай жолугушуп, байланышып турушчу.

Дэниел 6 жашынан тарта музыка жана спорттун регби түрү менен алектене баштайт. Орто мектепти аяктаган соң Улуттук жаштар театрына тапшырып, билим алган. 1992-жылдан тарта эпизоддук ролдорго тартылып, режиссёрлордун көзүнө түшүп, оозго алына баштайт.

Актёрдун багын ачкан "Лара Крофт: Күмбөздөрдүн каракчысы" ("Лара Крофт: Расхитительница гробниц") тасмасы болду. Анткени Голливуддун белгилүү актрисасы Анжелина Жоли анын тасмадагы өнөктөшү болгон. Андан кийин "Оскар" сыйлыгына ээ болгон "Каргашалуу жол" ("Проклятый путь") тасмасында башкы ролду жараткан.

Ал эми атактуулуктун чокусуна "Рояль" казиносу" ("Казино "Рояль") тасмасындагы тыңчы Жеймс Бонддун образы жеткирген. Кино жаратуучулар Дэниелди Жеймс Бонддун ролуна тандап алганда тасманын күйөрмандары, медиа өкүлдөрү "Бонддун ролун жарата албайт, тыңчыга такыр окшошпойт" деп нааразычылыгын билдирип чыгышкан. Ошого карабастан режиссёрлор Дэниелди тасманын кийинки сериясына да тартышкан. Анткени актёр менен тасма жаратуучулардын ортосунда 4 бөлүмүнө тартылууга келишим болгон. Ал эми 2011-жылы детектив жанрындагы "Ажыдаар сүрөтү бар бийкеч" ("Девушка с татуировкой дракона") тасмасына тартылып, киносынчылардын сынынан өтүп, ушул эле тасманын уландысы "Миллениумга" тартылган.

Баса, тыңчынын ролуна тандалган Дэниелди "ал тыңчы Жеймс Бонддун ролуна туура келбейт" деп гезит бетине сындап жазган кабарчы тасманын көрсөтүүсүнөн кийин ошол макала чыккан барактын бир үзүмүн жеген.

Актёр 1992-жылы Фиона Лаудон менен баш кошуп, Элла аттуу кыздуу болушкан. Бирок 2 жылдан кийин ажырашып кетишкен.

2011-жылы Дэниел британиялык актриса Рэйчел Вайс менен жашыруун үйлөнүп, алардын тоюнда 4 гана мейман болгон.

Дэниел Крэйг көп гонорар алган актёрлордун бири. Ал Range Rover Sport жол тандабастын 7 мүнөттүк көргөзмөсүн жарнамалаганы үчүн 3 миллион доллар алган. Бул анын эң минималдуу гонорары болуп эсептелет. Максималдуу гонорар 45,8 миллион долларды "007: Спектр" тасмасына тартылганы үчүн алган. Ага кошумча тасманын сатыктагы кирешесинен да каражат бөлүнүп берилген.

2-мартка карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
abon
2018-03-03 08:40:46
Мачо бирок (бабник) оз ролдорунда *)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан