Бишкек-Торугарт жолунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду

Бишкек-Торугарт жолунун 56-чакырымында жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Бүгүн эртең менен болжолдуу түрдө саат 8:00 чамасында Toyota жана Audi үлгүсүндөгү унаалар жол кырсыгына кабылган. Тагыраагы алар маңдай-тескей келе жатып сүзүшкөн. Кырсыктан улам 2 адам каза болуп, 3 адам ар кандай жаракаттарды алышкан. Учурда кырсык болгон жерде ыкчам иликтөө иштери жургүзүлүп, окуянын келип чыгуу себептери жана андагы жүргүнчүлөр тууралуу маалыматтар такталууда", - деп билдирди аталган мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Айдай
2018-03-03 11:19:34
Жолдор тайгак эледа, шашпай эле айдаш керек.
+1
rysik79
2018-03-03 12:11:46
Качан токтойт урой учурган кырсыктар. Жаратканым сакта жол жургондорду.
+4
Makain
2018-03-03 12:54:23
Андан коп адамдар дейт тактап берип койсонор ыймандары саламат болсун
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан