Бишкекте интим кызматын көрсөткөн студиянын эки кызматкери кармалды. Алар кыздарды алдоо жолу менен жумушка алышкан

Жашы жете элек өспүрүм кыздарды порнографиялык мүнөздөгү иштерге тартуу фактысы аныкталып, аны уюштурган эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалым болгондой, Биринчи Май РИИБине бул иштен жабыркаган кыз арыз менен кайрылган. Ал өз арызында бул тармакта иштеген адамдар алдоо жолу менен аны чет элдик жарандарга онлайн интим кызматын көрсөткөн студияда иштөөгө көндүрүшкөнүн жазган. Алгач кулактандыруу аркылуу жумуш издеп жүргөн кызга студиянын кызматкерлери өздөрү байланышып, аны маектешүүгө чакырышкан. Анын негизинде ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери тарабынан бир нече даректе жайгашкан батирлерге тинтүү жүргүзүлүп, натыйжада аталган иштерди уюштурган Ош облусунда 1993-жылы туулган М.К. жана мекеменин администратору, Баткен облусунда 1991-жылы туулган Ж.Н. кармалган.

"Тергөө иштеринин негизинде аныкталган батирлерде ар кайсы аймактардан келген жана борбордогу окуу жайларда окуган 5 кыз болгон. Алар веб-камера аркылуу чет өлкөлүк кардарларга жылаңачтанып эротикалык жана порнографиялык шоу көрсөтүп жатышкан. Тинтүү учурунда 10 компьютер, 16 веб-камера, флеш-карта, сим-карта, интимдик оюнчуктар табылган", - дейт басма сөз кызматчы.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 262-беренесинин 1-бөлүмүнүн (Порнографиялык мүнөздөгү материалдарды же буюмдарды даярдоо менен байланышкан, ошого тете порнографиялык мүнөздөгү иш-чараларга катышуу үчүн аткаруучу катары аракеттерге жашы жетпегендерди тартуу) негизинде кылмыш иши козголгон. Учурда шектүүлөр Биринчи Май райондук соттун чечими менен 2 айга камакка алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин онлайн режимде аялуу жерлерин акчага көрсөткөн кыргыз кыз-келиндеринин сүрөттөрү интернетте жайылып жаткандыгы тууралуу маалымдаганбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (41)
Dembele84
2018-03-03 15:08:32
Бул экоо ошердеги админдер,а ушуну уюштуруп,сатып алып,жасагандарды кармап камаш керек.Бул го кыз намыстанып алдады деп органдарга кабар бериптир,а ошондой ишти билип туруп,ун катпай кызмат корсотуп жургон кыздар канча! ?
+6
Zamka79
2018-03-03 15:47:07
Акмакчылык...!!!
+4
taalay25
2018-03-03 16:28:49
Идиоты!
+2
Eli.91
2018-03-03 16:35:55
Берген мусульман бир туугандарыбызга только сооп керек?ошол себептен кобу мечит салат,ал мечитке 1 адам келип намаз окуса мечитти салган адамга сообу тиет,мечит салган адам чыныгы дуйносу учун кам коруп журот,алар канчалык коп мечит салсада Аллах ыраазылыгы учун салат,бул дуйнодо байлыкты берсе ал аны туура пайдаланалбаса анда анын азабы куч болот,айланайын мусульман бир тууганым козунорду ачкыла?акыретибизде 1 жерди ашык бассак ошол учунда жооб беребиз?набсини козунду колунду жанада башка
0
moskoy
2018-03-04 00:27:21
Eli.91,Мечитте уурулук ,бычактамайлар .Намаз окуудагы платный коробка которуп алышып саб-сабды кыдырып садага бер деп турушат.
-1
jbolotov
2018-03-03 16:42:34
Уюштургандар динден кабары жок орусча оскондор болсо керек деп ойлогом.Алланын каарын ойлобогон кем акылдар.
+3
Mirlan27011987
2018-03-03 22:06:32
jbolotov,
Кеп динде эмес. Мамлекеттин жакырлыгында. Асманды карап Кудай деп койсон эле бир нерсе тушпойт да. Турмушту жакшыртуу керек. Элдин жумушсуздугунда болуп жатат.
+5
fantomas
2018-03-04 08:10:47
Mirlan27011987, жумушсуздук бул бир шылтоо... 50догу эжелер пол жууп, идиш-аяк жууп болсо да жан багып жатышат, турмуш шарты оор болгондор...

Ал эми сойкулукка баргандар 16-30 жаш арасы, алты аны аман, ден-соолугу жайында кыз-келиндер, жалкоо, арам менен жанын баккан денесин сатып... Уят эмеспи?!! Ошолор элге окшоп иштесе жанын багып кетет го...
0
Eli.91
2018-03-03 16:44:38
Жерлерди тыюуу керек?анткени аркы дуйнодо он козун сол козуно душман болот,1 колун 2 колуна душман болот?жаман жолго баруудан озунорду сактагыла?акыретибиз учун эмне кылдык?тамагыбыздын напсибибиз учун кам коробуз неге акыретибиз учун кам корбойбуз?баардык нерсе Аллахтын гана буюрганы менен болот,набсибиз учун эн соонун тамакты кылып жатып кокус ошол тамактан ооз тийбей Жан узулушу мумкун?набсибизди тыйып Кудайдан тилеп саждада жанимди ал деп тилебейлиби туугандар?шайтандын ишин кылгандан сак-н.
+2
i1urp
2018-03-03 17:47:17
Eli.91,
Аркы дуйнону коюп бул дуйнону кыйратып алыш керек.
+2
Gulirka
2018-03-03 18:26:20
Ж.Н Питерде жургон кыз го, жакшы кыз болчу. баласы да бар болчу от первого брака.
0
Kojo1995
2018-03-03 20:40:53
Gulirka, жакшы кыз болсо ушуну кылабы?
Атын жазып койчу билсең
-1
Gulirka
2018-03-03 22:02:00
Kojo1995,Назгуль
-1
Gulirka
2018-03-03 22:24:27
Kojo1995,лично тааныбаймын, аяшымдын досунун аялы болчу!
-1
amirrus
2018-03-03 20:56:36
жашыруун экен бул кичине болсо да,трассадагыларды кантебиз жолдо баратсан кыз керекби деп ит кылат жанында апанбы,атанбы кызыктырбайт.Буларга эмне закон жокбу жогорудагылар го видео экен тиги трассадагылар натуральному эле сатып жатбайбы...
+3
Refiri87
2018-03-03 21:48:41
Бул балдар жонокой ишчилерге еле окшоп турат организатор башчыларын таабыш керек же акчасын алып байкуш акчасы аздарды чыгарып койдубу канткен кундо да каттуу жазалаш керек кыздарын кошуп бардын!!
+3
Mirlan27011987
2018-03-03 22:01:43
Жумушсуздук, жакырчылык баардык проблемалардын башталышы. Мындай маселеге келгенде саясат, дин дебей элге жумуш ордун тузуу зарыл. Миллионго жакын мекендештер мамлекеттин жакырчылыгынан чыгып кетишти.
+4
Kylymbek_isakulov
2018-03-04 01:13:42
Баарына озубуз куноолубуз...
-1
Bars111
2018-03-04 01:50:44
Түү атаңдын гөрүү ...
Бизге да келип калган турбайбы...
+1
tokitok
2018-03-04 02:04:27
бул кыздарды заставтеткенине ишенген жокмун. оздору макул бсо кк. кыйнап иштете алышпайт.
бул бизнес илгери эле бар болчу. бишкекте коп мындай студиялар. мен да убагында баргам. акчасы жоктор айла жоктон барат деп ойлобогула копкон байдын кыздары да иштечу. анткени аларга ошол нерсе кызык. бул жакта озунчо любовь морковь да болот. жана куйоого да тийишет. акча кк болгондор да иштейт и колунан андан башка иш келбегендер иштейт. андай жумушта иштейт деп оюна да келбеген кыздар иштейт.мындай
+2
kaleb
2018-03-04 17:41:37
tokitok, оозу мурдуң кыйшайбай "Мен да баргам" дейсиңда...
+2
Ajara_13
2018-03-04 15:54:50
Кудай сактасын
0
nazgul20
2018-03-05 13:15:20
Берчусун берип, кайра эле улантышатта иштерин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан