Бүгүн Бишкек-Торугарт жолунун 56-чакырымында болгон кырсыктын чоо-жайы такталды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн, 3-мартта саат 08:15 чамасында катталган. Анда Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, карама-каршы тилкеге чыгып кеткен. Бул убакта бет маңдайында келе жаткан Ауди 100 унаасы жолдон качууга аракет кылып, Хонда Степвагон унаасынын артында келе жаткан Тойота Алтеза үлгүсүндөгү унааны сүзүп алган. Жыйынтыгында Ауди үлгүсүндөгү унаанын бир жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болуп, үчөө Токмок шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнөн каза болушкан.
Болжолдуу маалыматтарга караганда, жол кырсыгына жолдун тайгактыгы себеп болгон. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды.