Кечээ, 3-мартта Бишкек шаарынын 12-кичи районунда жайгашкан №173-бала бакчанын жанынан Toyota Avensis үлгүсүндөгү унаа 10 жаштагы баланы сүзүп кеткен. Бул туурасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен баланын буту сынган. Айдоочунун айтымында, жолдун четинде турган бала унаага карай чуркап кеткен. Сүзүп алган айдоочу дароо баланы жана анын эжеси менен ооруканага жеткирген.
Текшерүү учурунда айдоочунун соо экени аныкталып, унаа айып жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.