Кыргызстанда жылкынын саны көбөйүп, СССР мезгилиндеги көрсөткүчкө жетти. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы 13-июнда билдирди. Маалыматка ылайык, учурда өлкөдө 390 000 жылкы бар. Ал эми СССР убагында бул сан 300 000дей болгон. “Жылкынын көбөйүшүнүн себеби ат спортунун өнүгүп келе жатканына жана малдын баасынын жогорулашына байланыштуу”,- деп билдирет министрлик. Ал эми совет мезгилине салыштырмалуу койдун саны азыркы учурда 10дон 5 миллионго чейин же 2 эсеге кыскарган.