Бүгүн, 4-мартта Ош шаарынын Кулатов кичи районунда кичи автобус менен Daewoo Matiz үлгүсүндөгү унаа сүзүшүп, 8 адам жаракат алган. Бул тууралуу Ош шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн маалымат катчысы Рашид Сыдыков билдирди.
"Окуя эртең менен Ош шаарындагы Кулатов кичи районундагы унаа жүрүүчү жолдо катталган. Анда эл ташыган кичи автобусту Daewoo Matiz унаасы келип сүзгөндө, кичи автобус жолдон чыгып кеткен. Жыйынтыгында маршруттук таксидеги 7 жүргүнчү ар кандай жаракаттарды алып, аларды "Тез жардам" кызматы Ош шаардык ооруканасына алып кеткен", - деп билдирди Сыдыков.
Ошондой эле жеңил унаанын айдоочусу да ооруканага жеткирилгенин кошумчалап, учурда окуя боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.
Белгилей кетсек, бүгүн эртең менен окурман "Элдик кабар" рубрикасына Ош шаарында катталган кырсык тууралуу маалымат берген.