Токмокто үч унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду

Бүгүн, 4-мартта Токмокто үч унаа катышкан жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 1 адам каза болуп, бир нече жаран ар кандай жаракаттарды алышкан. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жол кыймылы коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан билдиришти.

"Окуя болжол менен саат 15:30 чамасында катталган. Кырсык ГАЗ 53, Жип жана эл ташыган кичи автобустун кагылышуусунан болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча 1 адам окуя болгон жерден каза болуп, бир нече жаран ар түрдүү жаракаттарды алышкан", - деп билдирет аталган башкармалык.

Учурда кырсык катталган жерде милиция кызматкерлери иштеп, окуянын келип-чыгуу себептери такталууда.

Токмоктогу адам өмүрүн алган жол кырсыгы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Azi81
2018-03-04 17:19:19
Лексус мойнуна албайт,карапайым газ53тун мойнуна алдырат,алахым озун сактай кор жол азабы гор азабы деп койот ошон учун
+5
tmttmt
2018-03-04 18:38:16
ииий кече ошол обьезднойдо токмоктун мал базарына жетпейда кырсык болгон экен бирө каза болуп ушинтип жаап койгон экен
+1
rysik79
2018-03-04 19:08:25
Качан токтойт?
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан